20-октябрда Белоруссиядан Маймак станциясына “Палессе” үлгүсүндөгү алгачкы 3 комбайн жана 6 жатка келди. Белгилей кетсек, жыл башында элдик жыйындарда жалпысынан 8 комбайнга суроо талап түшкөн. Элдин мүдөөсүн ишке ашыруу максатында Бакытбек Нарбеков, Лида шаарында жайгашкан “Лидагропроммаш” ААКсына Талас облусунун дыйкандары үчүн комбайн сатып алуу келишимин түзүү ниети менен барган.Бирок, “Лидагропроммаш” АККсында жаңы комбайндардын баасы 120-150 миң АКШ долларын түзүп каражат жетишсиз болгондуктан башка альтернативдүү жолдорду издөө зарылдыгы пайда болгон.Андыктан, 20 жылдан бери КМШ өлкөлөрү боюнча экинчи рыноктогу комбайндарды сатуу менен алектенген Беларусь компаниясы менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Натыйжасында экинчи рыноктогу 2009-2010-жылы чыгарылган комбайндарды техникалык жаткан толук ремонттон өткөрүп, тийиштүү тетиктерин жаңылап берүү милдеттемелерин Беларусь компаниясы моюнга алып Талас облусу үчүн 8 комбайн даярдап берди. Долбоор «Альянс Алтын» өнүктүрүү фондунун демөөрчүлүгү менен ишке ашты жалпы 19 млн.сомдон ашык акча каражаты бөлүнгөн.Комбайндар Талас облусуна толук келгенден кийин, атайын шаймандары менен бирдикте 8 айыл өкмөтүнө салтанаттуу тапшырып берүү жагы пландалууда.
«Альянс Алтын» өнүктүрүү фондунун колдоосу менен Талас облусуна 8 комбайн алынып келинет
от Жуманазарова Бектура | Окт 22, 2022 | Без рубрики | Нет комментариев
Свежие комментарии