«Альянс Алтын» компаниясынын алдындагы «Бакубат Талас “ фонду “ЖИА Бизнес ассоциациясынын «BUURCHAK FEAST-2022» фестиваль-жарманкесин уюштурууда расмий демөөрчү болуп колдоо көрсөттү.Аталган иш-чаранын максаты кыргызстан боюнча бирдей кызыкчылыктагы ишкерлерди бир аянтчага чогулткан ири масштабдуу иш-чара болду! Ири ишкерлер өздөрүнүн бизнесин кеңейтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот жана региондордогу чакан жана орто бизнестин өнүгүүсүнө шарттарды түзүү. Ошону менен бирге Талас облусунун ишкердикке түзүлүп жаткан шарттары менен да бөлүшүүгө,аларды облуска инвестиция салуу мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырууда шарттар түзүлдү. Талас облусунун айыл-чарбасында негизги продукция төө буурчак болуп саналат. Учурда облустун 80%нын негизги киреше булагы болуп келүүдө.Төө буурчактын түшүмдүүлүгүн арттыруу, акыркы илимий технологиялык жаңылыктарды талкуулоого шарт түзгөн мындай иш чара дыйкандардын, багбандарыбыз үчүн маанилүү болду.Ошону менен бирге «Бизнес Караван» долбоорунун алкагында Бишкек шаары, Чуй, Нарын, Ысык-Кол, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынан ишкерлер жана компаниялар Талас шаарына иш сапарлары менен келишти.