9-май Жеңиштин 77 жылдыгына карата Талас шаарындагы Райкан Алканов атындагы ат майданында Сүймөнкул Чокморовдун ,Үсөн Кудайбергеновдун жана Умсунай Эркинбекованын жаркын элесине арналган Республикалык деңгээлдеги ат оюндары болуп өттү.Жалпы байгелик фонд 700 миң сомду түздү. Альянс Алтын фонду 200 миң сомун каржылады.Ат оюндарында «БАльянс Алтын» өнүктүрүү фонду биринчи оорундагыларга акчалай байгелерин тапшырды.»Бышты жорго» 65 миң сом, «Чоң жорго» 65 миң сом,» Аламан» 40 миң сом, «Кунан жарыш» 20 миң сом, » Тай жарыш » 10 миң сом фонд тарабынан тапшырылды.