Кыргыз Республикасынын Президентинин «2022-жыл тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө» жарлыгына ылайык, КРнын жаратылыш ресурстары экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас регионалдык башкармалыгынын долбоорун колдоодо “Альянс-Алтын” компаниясынын алдындагы “Бакубат Талас” фондунун каржылоосунда долбоорлор ишке ашууда. Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбековдун Россия Федерациясынын Алтай Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Талас облусунун Бакай-Ата районунун Үр-Марал өзөнүндөгү, антропогендик себептерден улам жок болуп кеткен маралдардын популяциясын калыбына келтирүү, көбөйтүү максатында Алтай Республикасынан 35 баш марал алынып келинип, корукка коё берилет.