«Альянс Алтын» компаниясынын алдындагы «Бакубат Талас» фонду Талас шаарында 80 орундуу бала бакчаны ачууга жардам көрсөттү.Асанбекова Хадиранын “Nur&Datka” бала бакчасын ачуу боюнча долбооруна колдоо көрсөтүп “Бакубат Талас” фондунан 1 млн.сом кайтарымдуу каражат бөлүп берген. Жеке ишкер алгач стартап бизнесин баштап Президенттин жарлыгына ылаяктуу региондорду өнүктүрүү боюнча салым кошуу максатында бала бакча куруп баштаган.Бүгүнкү күндө толук ишке кирип иштеп баштады.Бала бакчанын ачылуу аземинде “Бакубат Талас” фондунун төрагасы 1 компьютер комплектиси менен тапшырды. Аталган бала бакча 80 орундуу, ар бир тайпадан 10дон ашпаган бала тарбияланат. 4 маал тамак-ашы бар, 15 адамды жумуш менен камсыздайт. Ошондой эле «Альянс Алтын» ишканасынын алдындагы фонд аркылуу социалдык келишимдин негизинде мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөлөрдүн 5 баласын бекер тарбиялашат.