Ч.Мамбетов атындагы Талас облустук биргелешкен ооруканасына караштуу Көк-Ой айылында жайгашкан 120 орундуу оорукана 2021-жылдын 16-апрелинен тарта ковид илдетине чалдыккан бейтаптарды даарылап келүүдө.Азыркы учурда оорукананын толук кандуу иштөөсү үчүн зарыл керектүү болгон медициналык жабдыктарды “Бакубат Талас” фондунун колдоосу менен 1 620 000 сомго 30 миң сомдук 54 даана 4-секциялуу керебеттер алынып келинди. Буга чейин фонд тарабынан медициналык 60 керебет жана 60 даана матрастар сатылып алынган.