Талас районунун Бекмолдо айыл аймагынын Сасык-Булак айылында Сүйөркул уулу Качкынбай атындагы күрөш спорт залы ачылды.Спорт залын курууда Бекмолдо айыл өкмөтүнүн бюджетинен 6 млн 950 сом жумшалган.Андан сырткары “Альянс-Алтын” компаниясынын алдындагы “Бакубат Талас” фонду демөөрчү катарында 370 мин сомго залдын ичине керектүү спорт каражаттарын жана күрөш килемин алып берди.Ачылуу аземине облус жетекчисинин орун басары Кыял Жанузакова катышып жана Бекмолдо айыл аймагынын тургундары менен биргеликте салтанаттуу түрдө ачылды.