Кыргыздын таанымал акыны Аман Токтогулов атындагы Талас облустук китепкананын имараты 1991-жылы курулуп, 30 жылдан бери капиталдык ремонттон өткөрүлбөй, имараттын ички бөлмөлөрү, эшик-терезелери эскирип,жылуулукту сактоо мүмкүнчүлүгү болбой калган.Андан тышкары жылуулук системасы иштебей, кыш-күз мезгилдеринде окурмандар олтуруп китеп окууга жана ар кандай маданий-массалык иш-чараларды өткөрүүдө шарттары туура келбей жатканын жетекчиси Телегей Жаркыналиева билдирди.Жогоруда аталган көйгөйлөрдү эске алып “Альянс Алтын” компаниясынын алдында түзүлгөн “Бакубат Талас” фонду колдоо көрсөтүп имараттын жалпы айнектерин заманбап пластикалык айнектерге алмаштырып берди.